Бүгүн Жогорку Кеңеш Кубанычбек Бөкөнтаевдин талапкерлигин жактырды. 76 депутат “макул” деп добуш берди.
Бөкөнтаевдин талапкерлигин Садыр Жапаров сунуштаган.
Буга чейин иштеп жаткан төрага Толкунбек Абдыгулов башка кызматка которулуп жаткандыгына байланыштуу өз арызынын негизинде кеткен.
Кубанычбек Бөкөнтаев 1969-жылы 18-январда Ысык-Көл облусунда туулган.
1992 — Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетин аяктаган.
1992 — Кыргызстандын коммерциялык банктарында экономисттен тарта директорлор кеңешинин төрагасынын милдетин аткаруучуга чейин жеткен;
2003 — «Экономика. Банки. Бизнес» гезитинин башкы редактору, башкы директор;
2006 — 2010 — президент Курманбек Бакиевдин буйругу менен Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп дайындалган;
Мындан тышкары, ал Кыргызстандын депозиттерди коргоо агенттигинин директорлор кеңешинин мурдагы төрагасы болгон.