Башкы прокуратура автоунаа алдамчылыгына айыпталган жаранды Молдова өлкөсүнөн кайтардыРубионун Самарканддагы сапары: $12 миллиарддык бүтүмдөр жана АКШнын Борбор Азиядагы жаңы пландарыСадыр Жапаров Азербайжан парламентинин төрайымы менен кызматташтык маселелерин талкууладыКыргызстанда 21-октябрда «Москва үчүн салгылашуу» аттуу эскерүү жүрүшү өтөтПрезидент Кыргызстанда жаңы авиакомпанияларды каттоого коюлган мораторийди алып салдыТогуз айда Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 685,4 млрд сомду түздү
Жашыруун кызмат чек арачылардын жемкорлук каналын тапты
29.09.2021 | 16:35
“Ош-аэропорт” көзөмөлдөп өткөрүү пунктунан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын коррупциялык иштеринин туруктуу каналы аныктады. Бул туурасында жашыруун кызматтан кабарлашты.
Алардын маалыматына караганда, аталаган көзөмөл өткөрүү пунктунун адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, системалуу түрдө чет элдик жүргүнчүлөрдөн опузалап акча каражатын алып жүрүшкөндүгү аныкталды.
Азыркы учурда тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында, “Ош-аэропорт” көзөмөл өткөрүү пунктунун УКМК Чек ара кызматынын 20 кызматкерлеринин үстүнөн текшерүү иштери жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом