Ош облусу боюнча чек ара кызматынын башчысы кармалды (ВИДЕО)

Ош облусу боюнча чек ара кызматынын башчысы кармалды (ВИДЕО)

19-октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ош облусу боюнча чек ара кызматынын  башчысы «Ч.Н., Чек ара кызматынын  Башкы штабынын жетекчисинин биринчи орун басары «К.Б.ны» кармады. Бардык кармалгандар УКМКнын Ош облустук жана Ош шаардык башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул туурасында аталган мекемеден билдиришти.

Такталгандай, «Достук-унаажолу» өткөрмө пунктунун жооптуу кызматкерлери чек ара кызматынын айрым жетекчилеринин колдоосу астында системалуу түрдө чек арадан өтүп жаткан жарандардан, негизинен Өзбекстандын жарандары жана оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан опузалап акча каражаттарын жыйнашканы аныкталды.

 

КР Кылмыш-жаза кодексинин 325-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту (Адамдардын тобу тарабынан пара алуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Азыркы учурда бул ишке тиешеси бар башка жогору кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө иштери уланууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>