Бүгүн, 23-октябрда президент Садыр Жапаров журналисттерге маалымат жыйын өткөрүүдө. Анда Reporter.kg′нин журналисти өлкө башчыга Сооронбай Жээнбековду экс-президент статусунан ажыратуу маселеси коомдо көптөп бери көтөрүлүп келет, сиз буга кандай карайсыз? деген суроо узатты.
«Мен президенттерди куугунтуктоо, алардын экс статусунан ажыратуу боюнча маселе көтөрбөйм. Мындай иштерди токтотууну туура көрдүм», — деди президент Жапаров.