Президент Садыр Жапаров «Кыргызстандын Улуттук коопсуздук концепциясы жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул туурасында мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Документке ылайык, Кыргызстандын улуттук коопсуздугуна келтирилген коркунучтарды алдын алуу, бөгөт коюу жана нейтралдаштыруу боюнча күч-аракеттерди бириктирүү жана иштин натыйжалуулугун жогорулатуу, өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн жана ушул чөйрөдөгү эл аралык кызматташтыкты чыңдоо максатын көздөйт.