Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Ала качуу тууралуу тартылган тасма “Оскар” сыйлыгын алышы мүмкүн – видео
23.12.2021 | 18:06
“Ала качуу – Take and Run” кыска метраждуу тасмасы Америка киноакадемиясынын “Эң мыкты кыска метраждуу тасма” номинациясынын шорт-листине кирди. Бул тууралуу Оскардын расмий сайтында маалымдалды.
Немис режиссёру Мария Брендлдин “Ала качуу – Take and Run” кыска метраждуу тасмасы Кыргызстанда 2019-жылы тартылган. Тасма кыргыз тилинде.
Тасманын бет ачары 2020-жылы болгон. Бул убакыттын ичинде чыгарма бир нече киносыйлыктарды алууга жетишти.
Оскар сыйлыктары 2022-жылдын 27-мартына белгиленген.
Рубрики: Жаңылыктар, Турмуш образы