Бүгүн, 28-декабрда президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси болуп Алтынбек Жумаев бекиди.
Президенттик шайлоодо Садыр Жапаровдун шайлоо алдындагы үгүт компаниясын жетектеген.
(Резюме)
Жумаев Алтынбек Мусаевич
1970-жылы 1-январда төрөлгөн.
Билими:
– 1991-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин аяктаган;
– 2004-жылы Кыргыз-орус билим берүү академиясын аяктаган;
– 2017-жылы Ош мамлекеттик университетин аяктаган;
– Ал эми 2021-жылы Тышкы иштер министрлигинин алдындагы К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясын бүтүргөн.
Эмгек жолу:
– КТРКда диктор – 1998-2005-жылдары;
– Өкмөттүн аппаратында эксперт – 2005-2006-жылдары;
– КТРКнын «Замана» Студиясынын жетекчиси – 2006-2008-жылдары;
– КТРКнын башкы директорунун кеңешчиси – 2008-2009-жылдары;
– «Сары-Өзөн» телерадиокомпаниясында башкы директор – 2009-2010-жылдары;
– 2010-жылы ЖЧК «ААК» («НУР» телекомпаниясын) негиздеген;
– “Редакция ТРК “Канал D” ЖЧКсынын негиздөөчүсү жана башкы директору – 2017-2018 – жылдары;
– Быйыл ноябрь айынан декабрь айына чейин Министрлер кабинетинин төрагасынын кеңешчиси жана президенттик администрациянын жетекчиси кызматын аркалап турган.
Кошумча маалымат:
– Эл аралык медиа эксперт;
– Бир катар эл аралык, мамлекеттик долбоорлордун жана теледолбоорлордун автору;
– “Маданияттын отличниги” төш белгисинин ээси;
– «Билим берүү министрлигинин отличниги» төш белгисинин ээси;
– «Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин отличниги» төш белгисинин ээси;
– Куршаб айылдык кеңешинин ардактуу атуулу;
– Кыргыз жана орус тилдеринде эркин сүйлөйт.