Президенттик администрациянын маалымат саясатын Жумаев жетектейт (РЕЗЮМЕ)

Президенттик администрациянын маалымат саясатын Жумаев жетектейт (РЕЗЮМЕ)

Бүгүн, 28-декабрда президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси болуп Алтынбек Жумаев бекиди.

Президенттик шайлоодо Садыр Жапаровдун шайлоо алдындагы үгүт компаниясын жетектеген.

(Резюме)

Жумаев Алтынбек Мусаевич

1970-жылы 1-январда төрөлгөн.

Билими:

– 1991-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин аяктаган;

– 2004-жылы Кыргыз-орус билим берүү академиясын аяктаган;

– 2017-жылы Ош мамлекеттик университетин аяктаган;

– Ал эми 2021-жылы Тышкы иштер министрлигинин алдындагы К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясын бүтүргөн.

Эмгек жолу:

– КТРКда диктор – 1998-2005-жылдары;

– Өкмөттүн аппаратында эксперт – 2005-2006-жылдары;

– КТРКнын «Замана» Студиясынын жетекчиси – 2006-2008-жылдары;

– КТРКнын башкы директорунун кеңешчиси – 2008-2009-жылдары;

– «Сары-Өзөн» телерадиокомпаниясында башкы директор – 2009-2010-жылдары;

– 2010-жылы ЖЧК «ААК» («НУР» телекомпаниясын) негиздеген;

– “Редакция ТРК “Канал D” ЖЧКсынын негиздөөчүсү жана башкы директору – 2017-2018 – жылдары;

– Быйыл ноябрь айынан декабрь айына чейин Министрлер кабинетинин төрагасынын кеңешчиси жана президенттик администрациянын жетекчиси кызматын аркалап турган.

Кошумча маалымат:

– Эл аралык медиа эксперт;

– Бир катар эл аралык, мамлекеттик долбоорлордун жана теледолбоорлордун автору;

– “Маданияттын отличниги” төш белгисинин ээси;

– «Билим берүү министрлигинин отличниги» төш ​​белгисинин ээси;

– «Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин отличниги» төш ​​белгисинин ээси;

– Куршаб айылдык кеңешинин ардактуу атуулу;

– Кыргыз жана орус тилдеринде эркин сүйлөйт.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>