Согуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алдыБишкекте ЖАМКтын подполковниги бассейнге чөгүп бараткан кызды сактап калды — чоо-жайыКыргызстандык спортчу Венгриядагы дзюдо турниринде биринчи орунду жеңип алдыЧуңкурчакта түлкүнү аткан жарандарга айып пул салындыБишкекте жол тандабас жөө өтмөктөн 25 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал каза тапты
Эдил Байсалов Казакстанга армия жөнөтүү боюнча үн катты (ВИДЕО)
06.01.2022 | 14:45
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов акүйдүн алдында журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, Казакстанга жардам берүү керектигин билдирди.
Эдил Байсалов Казакстандагы кырдаал боюнча тынчсызданып жатканын айтып, Казакстанга кыргыз армиясын киргизүү боюнча жеке оюн билдирди.
“Касым-Жомарт Токаев башында турган бийлиги ички саясатын өз алдынча жөндөй алат. Биз Казакстан менен ЖККУнун гана эмес көптөгөн стратегиялык уюмдарда бирбиз. Бирок, качан гана коңшу өлкө, бир тууган өлкө жардам сурап жатканда жардам бербей койгонубуз туура эмес. Анткени, кырдаал татаал болуп турат” –деди.
Буга чейин парламент ЖККУнун алкагында Казакстанга кыргыз армиясын киргизүү боюнча маселени жабык караары кабарланган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат