Казакстан: Назарбаевге тиешелүү компания ээлери менен аткаминерлер кармалды

Казакстан: Назарбаевге тиешелүү компания ээлери менен аткаминерлер кармалды

Казакстандын Коррупцияга каршы кызматы экология боюнча вице-министр жана мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин кызы менен байланышы бар компаниянын башчысы кармалганын тастыктады.

“Коррупцияга каршы күрөшүү агенттиги экология, геология жана жаратылыш ресурстары боюнча вице-министр Ахметжан Примкулов менен “Оператор РОП” жоопкерчилиги чектелген шериктештиктин төрагасы Медет Кумаргалиевдин кармалганын тастыктайт”, — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка караганда, экөө тең коррупциялык кылмыш жасоого шектелүүдө жана Нур-Султандагы убактылуу камоо жайына киргизилди.

Жергиликтүү маалымат агенттиктери аткаминер жана компания башчысы Казакстандан чыгып кетүүгө аракет жасоо учурунда кармалганын жазышты. Ахметжан Примкулов экология министринин орун басары болуп 2019-жылы июлда дайындалган. Медет Кумаргалиев компаниянын төрагалыгына ошол эле жылы ноябрь айында келген.

Назарбаевдин кенже кызы Алия Назарбаева менен байланышы бар делген “Оператор РОП” компаниясы 2015-жылы түзүлгөн. Ал утилизациялык алымдардан – эскирген автоунаалардын тетиктерин жана майларын кайра иштетүү үчүн төлөнгөн каражаттан акча топтогон.

Акыркы беш жылда компанияга 691,9 миллиард теңге (азыркы курс боюнча дээрлик 1,6 миллиард доллар) түшкөнү айтылган. Бүгүн мажилис депутаты Едил Жанырбашин акча чогултуу жараяны ачык-айкын жүрбөгөнүн билдирди.

“Ачык булактардан алынган маалыматтарга караганда, 300 миллиард теңге автопромго жана айыл чарба техникаларын өндүрүүчүлөргө дем берүүгө которулган. 30 миллион эски автоунааларын өткөргөн кишилерге төлөнгөн, 29 миллиард эски техникаларды утилизациялоого жумшалган, калган 181 миллиард кайда кеткени белгисиз ”, — деди ал.

Буга чейин казак өкмөтү Токаевдин тапшырмасы менен «Оператор-РОП» компаниясын утилизациялык алымдарды жыйноо укугунан ажыратып, бул милдетти мамлекеттик «Жасыл даму» ишканасына жүктөгөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>