2-апрель: Өлкөдө күн ачык болотГуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышат
Алымкадыр Бейшеналиев таластыктардан кечирим сурады
07.02.2022 | 11:39
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев “Биринчи” радионун эфиринде Талас элинен кечирим сурады.
«Жолугушууга 5-6 адам, Жумабековдун жакын санаалаштары жана жакындары катышкан. Мен аларды эч качан колдобойм деп айттым. Бир профессор аны видеого тартып алган. Контексттен алынган үзүндү жарыяланды. Эгерде менин сөзүм кимдир бирөөнүн беделине шек келтирген болсо, мени кечирип коюңуздарды суранам», – деди Алымкадыр Бейшеналиев.
Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борбору “Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы” болуп кайра түзүлөрүн кабарлаган.
Сабырбек Жумабеков: Министрди кетирбесек, медицина оңолбойт (ВИДЕО)
Рубрики: Жаңылыктар, Коом