Сокулукта 14 жашар бала кордукка кабылды

Сокулукта 14 жашар бала кордукка кабылды

Сокулукта эки жашар баланы сабаган деп камакка алынган кишинин колунан дагы бир 14 жашар өспүрүм кордукка кабылды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун аппаратынын өкүлү  Аскат Азарбеков Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Азарбеков окуя болгон жерге барып, баланын ата-энеси менен сүйлөшүп, арыз алышканын кошумчалады.

“Окуя болгон жерге барып сураштырдык. Алар бизге арыз жазды. Арызда 2 жашар баладан башка 14 жашар өспүрүм кордукка кабылганы айтылат. Иш берүүчү кол алдында иштегендер  материалдык каражат карыз болгону үчүн өспүрүмдөргө зордук-зомбулукка барган. Бул иш-аракеттер укук-коргоо органдарынын иликтөөсүнөн соң билинмекчи”— деди Акыйкатчы институтунун өкүлү.

Чүй облусунун Сокулук районунда денесинен жаракат алган эки жашар бала аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Кийинчерээк бала палатага которулганы, аны атасынын иш берүүчүсү сабаганы айтылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>