Кыргызстанда жаш ата-энелерди окутуу боюнча мамлекеттик программа иштелип чыгатЭл аралык энергетика агенттиги Ормуз кысыгы аркылуу мунай жеткирүүдөгү рекорддук үзгүлтүктөн улам чукул жыйын чакыруудаЕАЭБ өлкөлөрүндө кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелери жөнөкөйлөтүлөтЧарчы метр валюта катары: Бишкек бийлиги куруучулар үчүн жаңы эрежелерди иштеп чыгатКазакстандан келген 56 тонна пияз Кыргызстанга киргизилген жокОштогу дарыканадан аткезчилик менен алып келинген дары-дармектер табылды
Эртең “Келечек” кичи футбол боюнча турнир старт алат
04.03.2022 | 18:59
Кыргызстанда алгачкы жолу 25 жаштан 35 жашка чейинки жаш мамлекеттик кызматкерлер, эл өкүлдөрү, өнөр адамдары, дарыгерлер, мугалимдер, ишкерлер, журналисттер жана башка ар тармактуу жаштардын башын бириктирген “Келечек” кичи футбол боюнча турнири старт алат. Бул туурасында уюштуруучулар Reporter.kg′ге билдирди.
Турнир Бишкек шаарында 2022-жылдын 5-мартында “Газпром балдарга” дене тарбия – ден соолукту чыңдоо борборунда өтөт.
Иш-чаранын убактысы 10:00-19:00 чейин концерттик программа менен коштолот. Саат 14:00дө Расмий ачылышына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.Т. Мамытовдун катышуусунда өтөт.
“Келечек” кичи-футболдун негизги максаты дени сак жашоону пропаганда кылуу болуп саналат.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт