Оштон Түркияга алтын алып бара жаткан чет элдик кармалды

Оштон Түркияга алтын алып бара жаткан чет элдик кармалды

Өзбекстандын жараны баалуу металлдарды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган учурда кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда,  УКМК тарабынан контрабанда жолу менен баалуу металлдарды мыйзамсыз ташып келүүнү жана сыртка алып чыгууну аныктоо жана болтурбоо боюнча көрүлгөн иш-чараларынын алкагында Манас эл аралык аэропорту “МЭА” ААКсынын Ош филиалынын чыгуучу залында, жалпы салмагы 1 кг 450 гр. түзгөн алтынды алып өтүп бара жаткан адам кармалды.

2022-жылдын 3-мартында “МЭА” ААКсынын Ош филиалынын Ош-Стамбул багытындагы рейси менен учуп жаткан 1979-жылдын туулган Р.Ш.Я. аттуу Өзбекстан Республикасынын жаранынан колго жасалган сары метал буюмдар табылып алынды.

Белгилей кетсек, «адамдардын жеке колдонуу үчүн товарларды Бажы бирлигинин чек арасы жана аларды чыгарууга байланыштуу бажы операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө макулдашуунун» 2.1-пунктуна ылайык кара жана түстүү металлдардын калдыктары жана сыныктары экспортоодо же импортоодо сандык чектөөлөргө дуушар болгон товарлардын тизмесине кирет.

УКМК тарабынан чогултулган материалдарга юридикалык баа берилип, аталган иш боюнча тиешелүү чаралар көрүлмөкчү.

Тэги: алтын Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>