Жолду ээлеп алган Гелендвагендер элдин кыжырын кайнатты (ВИДЕО)

14.03.2022 | 09:46

Бишкек-Токмок жолунда Mercedes-Benz G-класс  (G-Wagen)  үлгүсүндөгү унаалардын кортежи жолду толугу менен бууп алган видео социалдык тармакта кызуу талкууга алынууда. Бул видеону блогер Нурбек Саяк жүктөдү.

Анын айтымына караганда, Бишкек-Токмок жолунда үйлөнүү кортежи жолдун кара-каршысына чейин тороп, жолду ээлеп алышкан. Каршы тараптан келе жаткан унаалар жолдун жээгиндеги шагылдар аркылуу ашып өтүүгө аргасыз болууда.

Азырынча Жол кайгуул кызматы бул жосунсуз-жорук үчүн үн ката элек.

Scroll to Top