Ош шаарындагы үйлөрдүн биринен эшигин ачылбай калганы туурасында куткаруучулурарга чакырык түшүп, бирок, ал үйдүн ичинен бир кишинин сөөгү табылды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка караганда, куткаруучулар Бөрүбаев көчөсүндө жайгашкан №4 үйдө жайгашкан батирдин эшигин ачууга чыгышкан. Алар жеткенге чейин үй ээси (1988-жт. К.Н.) өз алдынча ачып алган учурда, батирдин ичинде 1980-ж.т. Б.А аттуу күйөөсүнүн сөөгү табылып, милиция кызматкерлери тарабынан тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлгөн. 4 куткаруучу тартылган.