30-август: Кыргызстанда абанын температурасы +37 градуска жетип, айрым жерлерде жаан жаайт«Рухтун жел кайыктары»: Ысык-Көлдө эл аралык регата башталдыПутин, Си Цзиньпин, Эрдоган жана башка лидерлер Бишкектеги ШКУ саммитине катышатДон Уилсон жана Бай Линг Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Кыргызстанга келетШКУ саммити жана ДКО өтө турган күндөрү Бишкекте автобустар сейрек катташы мүмкүнШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарынын коопсуздугун 15 миң кызматкер камсыздайт
Баткен: Чек ара аймактарында жашагандарга техпаспорт акысыз берилүүдө
26.04.2022 | 10:32
Баткен облусунун чек ара аймактарынын жашоочуларына техникалык паспорттор жана мамлекеттик актылар акысыз бериле баштады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, Баткен облусунун чек ара аймактарынын жашоочуларына көмөк көрсөтүү максатында “Кадастр” мамлекеттик мекемеси техникалык паспортторду жана мамлекеттик актыларды акысыз бере баштады.
“Бүгүнкү күндө Баткен району боюнча 43 мамлекеттик акт жана 31 техникалык паспорт, Лейлек району боюнча 181 мамлекеттик акт жана 153 техникалык паспорт берилген”,- деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, бул багыттагы иштер мындан ары дагы улантылмакчы.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом