Жол кыймылынын айрым эрежелерин бузгандар үчүн айып пулдар чектелди

Жол кыймылынын айрым эрежелерин бузгандар үчүн айып пулдар чектелди

Жол-транспорт кырсыктарынын алдын алуу жана айдоочулук тартипти чыцдоо максатында Министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында жол кыймылынын эрежелерин одоно бузган айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүү тууралуу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Бул маселе боюнча ички иштер министри Улан Ниязбеков маалымат берди.

Анын айтымында, 2017-2021-жылдар аралыгында Кыргызстанда расмий түрдө 32 369 жол кырсыгы катталып, анда 4006 адам каза болуп, 49 639 адам ар кандай жаракаттарды алган.

«Айдоочулардын күнөөсү боюнча 28 142 жол кырсыгы катталып, бул жалпы көрсөткүчтүн 86,9% түзөт. Кырсыктан каза болгондордун дээрлик 70% эмгекке жарамдуу курактагы (25-40 жаш) адамдар. Айрыкча балдар арасында жаракат алагандардын саны жогору. Балдардын катышуусундагы жол-транспорт кырсыктарынын жалпы саны – 7541 учурду (23,1%) түзөт. Жөө жүргүнчүлөр жана жүргүнчүлөр — жабыркагандардын да, каза болгондордун да көп бөлүгүн түзөт. Кырдаалды өзгөртүү үчүн ылдамдык боюнча чектен ашкандыгы, ашып өтүү, же каршы тилкеге чыгуу менен ашып өтүү эрежелерин бузгандыгы үчүн, ошондой эле жол кырсыгына себепкер болгон айрым эрежелерди бузгандыгы үчүн айдоочулардын жоопкерчилигин дифференциялоо жана күчөтүү жагында өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда», — деди министр.

Өз кезегинде Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бул чечим жол кырсыктарынын санын кескин кыскартууга таасирин тийгизиши керектигин белгиледи.

Белгилей кетсек, Министрлер Кабинетинин жыйынында жактырылган чечим Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-декабрындагы № 548 «Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашырууга багытталган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>