Экстремизм: Ооганстан Борбор Азияга коркунуч жаратууда

Экстремизм: Ооганстан Борбор Азияга коркунуч жаратууда

Борбордук Азия чөлкөмүнүн мамлекеттери үчүн негизги коркунучтардын бири болуп Ооганстандын түндүк провинцияларында ар кандай мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдүн жана эл аралык террористтик уюмдардын топтолушу саналат, алар өздөрүнүн позицияларын бекемдеп, жаңы таянычтарды түзүүнү көздөшүүдө. Бул тууралуу 12-июлда Бишкекте Ички иштер министрлигинин демилгеси менен “Кыргыз Республикасында экстремизмдин чакырыктары жана ага каршы аракеттенүүнүн артыкчылыктары”- жеген темадагы кереге кеңеште айтылды.

Маалыматка караганда, акыркы жылдары республикада тыюу салынган экстремисттик жана эл аралык террористтик уюмдардын идеологиясын жайылткан көп учурлар байкалууда.

«Коркунучтарды жана чакырыктарды эске алуу менен адамдын укуктарын жана эркиндиктерин, конституциялык түзүлүштүн негиздерин коргоо, мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо максатында Ички иштер министрлиги тиешелүү мамлекеттик органдар жана жумушчу топтун мүчөлөрү менен биргеликте “Экстремисттик аракеттерге каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы долбоорун иштеп чыгышкан. Учурда бул мыйзам долбоору коомдук талкуудан өтүп, келип түшкөн сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилди”,-деди баяндамасында Улан Бердибаев.

Бул иш-чара АКШнын Мамлекеттик департаментинин каржылоосу менен БУУнун Бангизаттар жана Кылмыштуулук башкармалыгы тарабынан ишке ашып жаткан “Террористтик мүнөздөгү жана экстремисттик багыттагы кылмыштар үчүн соттолгондорду пробациялык көзөмөлдөө” долбоорунун алкагында эки күн өтөт.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>