Кыргызстанда жаш ата-энелерди окутуу боюнча мамлекеттик программа иштелип чыгатЭл аралык энергетика агенттиги Ормуз кысыгы аркылуу мунай жеткирүүдөгү рекорддук үзгүлтүктөн улам чукул жыйын чакыруудаЕАЭБ өлкөлөрүндө кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелери жөнөкөйлөтүлөтЧарчы метр валюта катары: Бишкек бийлиги куруучулар үчүн жаңы эрежелерди иштеп чыгатКазакстандан келген 56 тонна пияз Кыргызстанга киргизилген жокОштогу дарыканадан аткезчилик менен алып келинген дары-дармектер табылды
Ислам оюндары: Калидин Асикеев күмүш медаль тагынды
12.08.2022 | 23:26
Түркияда өтүп жаткан Ислам тилектештиги оюндарында кыргызстандык Калидин Асикеев грек-рим күрөшү боюнча күмүш медаль тагынды.
Ал 82 килограммга чейинки салмак категориясында чыкты.
Финалдык беттеште азербайжандык Рифат Гусейнов менен кез келип, ага жеңилип калды.
Бул медаль Кыргызстан үчүн Түркиядагы оюндарда сегизинчи медаль болду – 3 алтын, 3 күмүш жана 2 коло.
Ислам тилектештик оюндары бешинчи жолу өтүп жатат. 2021-жылы, коронавирус пандемиясынан улам алар 2022-жылдын августуна жылдырылган болчу.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт