Казакстан менен Өзбекстандын чек арасындагы өткөрүү пункту бир жарым жылга жабыла турганын Өзбекстандын Ташкент облусунун акимчилигинин басма сөз кызматы билдирди.
«Казакстан менен Өзбекстандын чек арасындагы Зангиота-Коплонбек унаа жолунун өткөрүү пункту 19 айга жабылат», — деп айтылат маалыматта.
Ташкент облусунун бажы башкармалыгынын «Навои» чек ара бажы посту менен чектешкен Казакстандын «Коплонбек» автожолунун пландалган модернизациясына жана техникалык жактан жабдылышына байланыштуу бул өткөрүү пункту 1-ноябрдан тарта убактылуу жабылат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз