Мамлекеттин эл өзү куруп алган мектепке парта менен үстөл алып бере албай жатканы парламентте көтөрүлдү.
Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов Өзгөн районунун Төрт-Күл айылындагы ашар жолу менен курулган мектеп парта-үстөлү жок ишке берилбей жатканына нааразы болду.
“Өзгөн районунун Төрт-Күл айыл өкмөтүндөгү Асыранов атындагы орто мектеби ашар жолу менен курулган. Ал 240 орунду. Парта-үстөл менен камсыз кылып бергиле деп Билим берүү министрлигине кат жолдодум эле. Даяр мектеп парта-үстөлдөрү жок турат. Билим берүү министрлиги болсо бизде акча жок деп жооп берип жатат”-деди эл өкүлү.
Министрлер кабинетинин төрага орун басары Бакыт Төрөбаев “канча акча кетет экен ал жерге”-деп сурады.
Депутат “канча каражат кетээрин эсептешкен эмес”- деп жооп берди.
Төрөбаев кайра Билим берүү министрлигинен “эсеп барбы”- деп тактады.
Билим берүү министрлигинин өкүлү “эсептеп чыгабыз”- деп жооп кайтарды.
Бул жоопко нааразы болгон депутат “Билим берүү министрлиги биздин катка жооп бербейт дагы, эсепти дагы билбейт”-деп ачууланды.
Төрөбаев мектеп даяр болсо, эсептеп чыгып парта-үстөлдөрүн камсыз кылгыла деп тапшырма берди.
Декабрь айында камсыздап берсеңиздер, «120 парта менен 240 отургуч болбогон эле каражат кетсе керек»- деп депутат Ормонов бийликтен суранды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз