Депутат: Өзгөндөгү мектеп парта-үстөлү жок, иштебей турат

Депутат: Өзгөндөгү мектеп парта-үстөлү жок, иштебей турат

Мамлекеттин эл өзү куруп алган мектепке парта менен үстөл алып бере албай жатканы парламентте көтөрүлдү.

Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов Өзгөн районунун Төрт-Күл айылындагы ашар жолу менен курулган мектеп парта-үстөлү жок ишке берилбей жатканына нааразы болду.

Өзгөн районунун Төрт-Күл айыл өкмөтүндөгү Асыранов атындагы орто мектеби ашар жолу менен курулган.  Ал 240 орунду.  Парта-үстөл менен камсыз кылып бергиле деп Билим берүү министрлигине кат жолдодум эле. Даяр мектеп парта-үстөлдөрү жок турат. Билим берүү министрлиги болсо бизде акча жок деп жооп берип жатат”-деди эл өкүлү.

Министрлер кабинетинин төрага орун басары Бакыт Төрөбаев “канча акча кетет экен ал жерге”-деп сурады.

Депутат “канча каражат кетээрин эсептешкен эмес”- деп жооп берди.

Төрөбаев кайра Билим берүү министрлигинен “эсеп барбы”- деп тактады.

Билим берүү министрлигинин өкүлү “эсептеп чыгабыз”- деп жооп кайтарды.

Бул жоопко нааразы болгон депутат “Билим берүү министрлиги биздин катка жооп бербейт дагы, эсепти дагы билбейт”-деп ачууланды.

Төрөбаев мектеп даяр болсо, эсептеп чыгып парта-үстөлдөрүн камсыз кылгыла деп тапшырма берди.

Декабрь айында камсыздап берсеңиздер, «120 парта менен 240 отургуч болбогон эле каражат кетсе керек»- деп депутат Ормонов бийликтен суранды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>