Депутат: “Учкун” басмаканасынын директорунун жеке басмаканасы бар

Депутат: “Учкун” басмаканасынын директорунун жеке басмаканасы бар

“Учкун” басмаканасынын директору Бакыт Султановдун жеке басмаканасы бар экенин депутат Винера Раимбачаева парламент жыйынында билдирди.

Ал билим берүү министри Уланбек Мамбетакуновдон кызыкчылыктардын кагылышы болобу деп сурады.

Билим берүү министри мындай маалыматым жок деп жооп берди.

«Биз жарлыктын негизинде иштеп жатабыз. Мен сизге кат түрүндө жооп берем», — деди Мамбетакунов.

Ошондой эле, маалымат катары министр окуу китептерин басып чыгарууга жылына 152 миллион сом бөлүнөрүн билдирди.

«Эмне үчүн «Учкун» ишканасына гана бересиңер? Эч кандай тандоо жана атаандаштык жок. Атаандаштык менен гана сапаттуу китептерди чыгарууга болот», — дейт Райымбачаева.

«Учкун» басмаканасы китептерди арзан сатат, чынбы? — деп сурады депутат.

Биз токтомдун негизинде иштеп жатабыз деди министрлер кабинетинин жетекчисинин орун басары Бакыт Төрөбаев.

«Биринчиден, 3 жылдын ичинде китеп тартыштыгын жоюу керек, экинчиден, китеп чыгаруу эки эсе арзан, үчүнчүдөн, китептердин сапаты жакшы. Эгерде директор муну кылбаса, анда ал өз милдетин аткарган жок деп айтсак болот», — деди Төрөбаев.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>