ӨКМ: Ашууларга кар көчкү түшүшү мүмкүнАдылбек Касымалиев Ысык-Көл облусундагы жол курулуштарынын жүрүшүн текшердиКантта мурдагы аялын уурдап, акча талап кылган 36 жаштагы шектүү кармалдыОш шаарында жаңы өндүрүш зоналарын түзүү пландалууда16-март: Өлкөнүн айрым аймактарында жаан, кар жаайтБШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыратты
“Тазалыктын” айдоочулары 80 миң сомдон айлык ала баштады
18.04.2023 | 22:05
«Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин эмгек акысын көтөрүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, азыр таштанды ташуучу унаалардын айрым айдоочулары айына 80 миң сомдон жогору айлык алышса, жогорулаганга чейин айдоочулар 30-35 миң сомдун тегерегинде айлык алышкан.
Кесиптик эмгек акы – кызматкерлерге чыгарылган таштандынын көлөмүнүн эсебинен төлөнүүчү эмгек акы. Эми бир тонна таштанды үчүн таштанды ташыган айдоочуларга 125 сомдон төлөнөт.
Эскерте кетсек, «Тазалык» МИнин кызматкеринин эмгек акысы Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен 70%га көтөрүлгөн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом