4% ипотека менен үй алчулардын тобуна өзгөртүүлөр кирди

4% ипотека менен үй алчулардын тобуна өзгөртүүлөр кирди

«Менин үйүм 2021-2026» мамлекеттик турак жай программасына өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришти.

Маалыматка караганда, “Социалдык ипотека” багыты аркылуу үйдү бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлери гана эмес, төмөнкү категориядагы жарандар да ала алышат:

— 5 жана андан ашык баланы тарбиялаган көп балалуу үй-бүлөлөр;
— майыптыгы бар адамдар же майыптыгы бар адамдардын камкорчусу болуп эсептелгендер;
— жашы жете элек баланы бир гана ата-эне тарбиялаган толук эмес үй-бүлөлөр;
— айыл жергесинде иштеген жаш адистер.

“Социалдык ипотека” жылдык 4% менен берилип, ошондой эле анын алкагында турак жай банктын катышуусуз кийин сатып алуу укугу менен ижарага берилет.

Ошоной эле аталган системанын алкагында чет өлкөлөрдө иштеген жарандар мамлекеттик ипотекалык насыяларды ала алышат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>