Жеңиш күн: Бишкекте айрым көчөлөр убактылуу жабылды
9-майда саат 08:00дөн 11:00гө чейин “Өлбөс полктун” жүрүшүнө байланыштуу борбор калаада убактылуу чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, төмөнкү көчөлөр жабылды:
– Байтик Баатыр көчөсү А.Токомбаев көчөсүнөн түндүк тарапка, М.Фрунзе көчөсүнө чейин;
– Фрунзе көчөсү, Ю.Абдрахманов көчөсүнөн С.Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү, чыгыш тарабы;
– Чүй көчөсү, Тоголок Молдо көчөсүнөн чыгыш тарапка, Ибраимов көчөсүнө чейин.
8 жана 9-майда №2, 8 троллейбустук каттамдардын кыймылы жарым-жартылай өзгөрөт. Буга чейин №2 троллейбустун каттамы Аламүдүн-Жибек-Жолу-Чүй проспектиси аркылуу өтсө, майрам күндөрү Аламүдүн-Чүй көчөлөрү аркылуу өтөт. Ал эми №8 маршрут Лермонтов – Чүй проспектиси менен жүрөт.
“Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана каттамдарды алдын ала пландаштырууга чакырат!” деп айтылат билдирүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз