Жеңиш күн: Бишкекте айрым көчөлөр убактылуу жабылды

Жеңиш күн: Бишкекте айрым көчөлөр убактылуу жабылды

9-майда саат 08:00дөн 11:00гө чейин «Өлбөс полктун» жүрүшүнө байланыштуу борбор калаада убактылуу чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, төмөнкү көчөлөр жабылды:

— Байтик Баатыр көчөсү А.Токомбаев көчөсүнөн түндүк тарапка, М.Фрунзе көчөсүнө чейин;

— Фрунзе көчөсү, Ю.Абдрахманов көчөсүнөн С.Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү, чыгыш тарабы;

— Чүй көчөсү, Тоголок Молдо көчөсүнөн чыгыш тарапка, Ибраимов көчөсүнө чейин.

8 жана 9-майда №2, 8 троллейбустук каттамдардын кыймылы жарым-жартылай өзгөрөт. Буга чейин №2 троллейбустун каттамы Аламүдүн-Жибек-Жолу-Чүй проспектиси аркылуу өтсө, майрам күндөрү Аламүдүн-Чүй көчөлөрү аркылуу өтөт. Ал эми №8 маршрут Лермонтов — Чүй проспектиси менен жүрөт.

Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана каттамдарды алдын ала пландаштырууга чакырат!” деп айтылат билдирүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>