Кыргызстандык окуучулар Сочидеги биологиялык лагерге катышыштыТоолуу райондорго жана ашууларга кар көчкү түшүүсү күтүлөтТакси кызматынын баасы 800 сомго чейин кымбатташы мүмкүн — Дастан БекешевКыргызстан менен Кытай пион гүлүн өстүрүү жаатында кызматташатУКМК Оштогу «Манас» турак жай комплексиндеги маселени текшерип, курулушту күзгө чейин бүтүрүүнү тапшырдыМугалимдердин билим деңгээли: Байсаловдун айтканында жан барбы?
Баткен: Зардалыга кетчү жол ачылды
02.06.2023 | 19:40
Кыргызстандын алыскы айылы Зардалыга кете турчу жалгыз автоунаа жолу ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №2 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жалпы 85 чакырымды түзгөн Сох-Кан-Зардалы жолунун 45-68-чакырым аралыгын кар көчкүдөн жана таштардан тазалап, каттам кыймылын жандантышты.
Азыркы тапта кырсыктарды алдын алуу максатында аталган жолдун 11-чакырымында суунун нугун буруу жумуштары жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, Зардалы – Баткен облусунун бийик тоолуу айылы. Кышы абдан катаал келген Зардалыны башка айылдар менен жалгыз бир гана унаа жолу туташтырат. Жол жыл сайын, май-июнь айларында ачылып, кыш түшкөнгө дейре каттам үзүлбөйт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар