УКМК кармаган Кылычбек Саркарбаевди Ош шаардык соту актады

13.09.2021 | 17:29

УКМК тарабынан кармалганКылычбек Саркарбаев Ош шаардык соту тарабынан акталды. Бул боюнча  Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдирүү таратты.

“Ош шаардык сотунун 11-августагы  өкүмү менен Кылычбек Саркарбаевдин аракетинде кылмыштын курамы жок болгондугу аныкталган. Жогорудагы өкүмгө мамлекеттик айыпталуучу макул болбой Ош облустук сотуна апелляциялык сунуш келтирилди”, – деп жазылат билдирүүдө.

Кылычбек Саркарбаев 2020-жылдын 16-декабрь күнү УКМК тарабынан кармалган. УКМК 1987-жылы 20-январда туулган Кыргыз Республикасынын жараны Саркарбаев Кылычбек Асылбековичтин паспорт алуу мыйзамдуулугун текшерүүдө документте жасалмалоо фактысын аныктаганын билдиришкен.

УКМК Кылычбек Саркарбаев мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруп бергенин маалымдаган.

Scroll to Top