УКМК кармаган Кылычбек Саркарбаевди Ош шаардык соту актады

УКМК кармаган Кылычбек Саркарбаевди Ош шаардык соту актады

УКМК тарабынан кармалганКылычбек Саркарбаев Ош шаардык соту тарабынан акталды. Бул боюнча  Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдирүү таратты.

«Ош шаардык сотунун 11-августагы  өкүмү менен Кылычбек Саркарбаевдин аракетинде кылмыштын курамы жок болгондугу аныкталган. Жогорудагы өкүмгө мамлекеттик айыпталуучу макул болбой Ош облустук сотуна апелляциялык сунуш келтирилди», — деп жазылат билдирүүдө.

Кылычбек Саркарбаев 2020-жылдын 16-декабрь күнү УКМК тарабынан кармалган. УКМК 1987-жылы 20-январда туулган Кыргыз Республикасынын жараны Саркарбаев Кылычбек Асылбековичтин паспорт алуу мыйзамдуулугун текшерүүдө документте жасалмалоо фактысын аныктаганын билдиришкен.

УКМК Кылычбек Саркарбаев мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруп бергенин маалымдаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>