Ички карыз 1,9 млрд долларга жетти. Министр кимдерди байытып жаткандарын айтты (видео)

Ички карыз 1,9 млрд долларга жетти. Министр кимдерди байытып жаткандарын айтты (видео)

Кыргызстандын мамлекеттик карызы (ички жана тышкы карызы) 31-августка карата 6,5 млрд долларга жетип, анын 1,9 млрд доллары ички карыз. Бул тууралуу парламенттеги жыйында каржы министри Алмаз Бакетаев билдирди.

Жыйында депутат Эмил Токтошев эмне себептен мамлекет ички карызды көбөйтүп жатканын сурады.

Министрдин айтымында, тыштан алганга караганда ички карыз алуу натыйжалуу болгондуктан, алар өлкө ичинен карыз алууну чечишкен.

«Сырттан карыз тартып келүүнүн жол-жобосу кымбат болот. Экинчиден валюталык тобокелдиктер көбүрөөк», — деди ал.

Бакетаев билдиргендей, ички карыз орточо 12 % менен алынууда.

Андан кийин Токтошев ички карыздардын үстөк пайызы тышкыныкына караганда көбүрөөк болуп жатканын сөз кылды.

Министр андай пикир жаңылыш экенин билдилди.

«Бул жаңылыш пикир. Биз кимге карыз болобуз? Өзүбүздүн жарандарыбызга, субъекттерибизге карыз болобуз. Аларды байытып жатабыз. Бирок тышкы карызга караганда ички карыз ар тараптуу натыйжа берет», — дейт министр.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>