«Рухтун жел кайыктары»: Ысык-Көлдө эл аралык регата башталдыПутин, Си Цзиньпин, Эрдоган жана башка лидерлер Бишкектеги ШКУ саммитине катышатДон Уилсон жана Бай Линг Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Кыргызстанга келетШКУ саммити жана ДКО өтө турган күндөрү Бишкекте автобустар сейрек катташы мүмкүнШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарынын коопсуздугун 15 миң кызматкер камсыздайтНепалдагы суу ташкындарынан 464 адам каза болуп, миңге жакыны дайынсыз болууда
Чаткал: Кар көчкүнүн алдында калган бир кишинин сөөгү табылды
18.10.2024 | 13:20
Жалал-Абаддын Чаткал районунда кар көчкүнүн алдында калган бир кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маркум 46 жаштагы К.К. аттуу жаран болуп чыккан. Анын сөөгү саат 12:45те табылган.
Учурда калган беш адамды издөө иштери уланууда.
Эскерте кетсек, 9-октябрда Каныш-Кыя айылынын 13 тургуну жана 1 кытайлык жаран тоого эндик өсүмдүгүнүн тамырын терүүгө чыгышкан. Кийинчерээк байланышка чыкпагандыктан, 16-октябрда алар дайынсыз болуп жатканы тууралуу ӨКМге кабар берилген.
Ошол эле күнү куткаруучулар менен жергиликтүү тургундар издөө иштерине чыгып, дайынсыз болгон 8 кишини табышкан.
Табылган адамдар 14-октябрда саат 18:00дордо кар көчкү болгонун, 6 адам кар алдында калган болушу мүмкүн экенин айткан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом