ИИМ: Ак-Ордодогу эки адамдын өлүмүнө шектүүнүн көрсөтмөлөрү жеринде текшерилди

2025-жылдын 3-октябрында Бишкек шаарынын Ак-Ордо жаңы конушунда орун алган эки адамдын өлүмү боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматы кармалган шектүү — 2006-жылы туулган И.С.нин катышуусу менен көрсөтмөлөрдү жеринде текшерүү процессин өткөрдү.
ИИМдин маалыматына ылайык, бул тергөө иш-аракети Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 215-беренесинин (Көрсөтмөлөрдү жеринде текшерүү) негизинде жүргүзүлгөн.
Шектүү окуя болгон жерге жеткирилип, өзүнүн кылмыш жасоодогу аракеттерин айтып берип, аларды кайталаган. Ал үйгө кандай жол менен киргендигин жана жабырлануучуга кандай жол менен сокку урганын кеңири түшүндүргөн.
ИИМ билдиргендей, көрсөтмө видеого тартылып, кылмыш ишинин материалдарына тиркелди.
Ведомство бул тергөө амалдары кылмыш иши боюнча маанилүү далилдерди тактоого жана бекитүүгө мүмкүндүк бергенин белгилейт.
Тергөө иштери уланууда.