Ала-Тоо аянтына элдер чогулуп жатат деген маалымат алган жокпуз. Бул тууралуу брифинг учурунда Ички иштер министрлигинин башчысы Султан Макилов билдирди.
Суроо журналист тарабынан берилген. Макилов белгилегендей, бул факт текшерилет.
Белгилей кетсек, учурда «Ала-Тоо» борбордук аянтына музыкалык аппараттар орнотулуп жатат, президенттикке талапкердин жеңишине байланыштуу концерт өтөөрү күтүлүүдө.