Алдына ала жыйынтык: Жапаровго 79 пайыз шайлоочу добушун берди

Алдына ала жыйынтык: Жапаровго 79 пайыз шайлоочу добушун берди

Добуш берүүнүн алдына ала жыйынтыгы боюнча Садыр Жапаров добуш берген шайлоочулардын 79 пайызынын колдоосуна ээ болуп, талапкердин алдында келе жатат. Мындай маалымат БШКнын расмий сайтына жарыяланды. 

Ага ылайык, саат 20:30га карата шайлоочулардын 28.54% пайызы 1 017 151 шайлоочу добуш берген. 

Бул шайлоо тилкелеринин 80 пайызынын келген жыйынтыгы менен чыгарылган. 

Автоматтык эсептөөчү урналардан (АЭУ) алдын ала алынган маалыматтар:

 Жапаров Садыр Нургожоевич 79.53%

 Исаев Канатбек Кедейканович 0.60%

Арстанбек Мыктыбек 1.48%

Сооронкулова Клара Сыргакбековна 0.93%

Ташов Имамидин Асамидинович 1.20%

Тагаев Рашид Бакирович 0.00%

Сегизбаев Абдил Кенешевич 1.41%

Мадумаров Адахан Кимсанбаевич 6.43%

Касенов Аймен Абдыталипович 0.87%

Кочкоров Улукбек Тойчубаевич 0.71%

Байгуттиев Женишбек Сейтбекович 0.09%

Абакиров Эльдар Курманбекович 0.45%

Асанов Курсан Сатарович 0.48%

Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич 0.08%

 Джеенбеков Равшан Бабырбекович 0.19%

Калмаматов Бактыбек Орозалиевич 0.52%

Тольбаев Бабыржан Латиханович 2.09%

Иманалиев Каныбек Капашович 0.16%

БААРЫНА КАРШЫ 1.24%

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>