ИИМ: Бишкек мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова суракка чакыртылган жок

ИИМ: Бишкек мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова суракка чакыртылган жок

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун коомдук кеңешчиси Гуля Алмамбетова суракка чакыртылды делген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги маалымдады.

Маалыматта айтылгандай, учурда Бишкек шаарынын комендатурасы тарабынан өзгөчө абал учурунда берилген өткөрмө кагаздары боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

“Өткөрмө кагаздарынын берилиши боюнча аларда болгон маалыматтарды ИИМге берүү боюнча Бишкек мэриясына атайын кат жиберилген. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Гуля Алмамбетова сотко чейинки өндүрүштүн күбөсү же башка катышуучусу болуп эсептелбейт”, — деп жазылат ИИМдин маалыматында.

Буга чейин, айрым басылмалар Бишкек мэринин коомдук кеңешчиси Гуля Алмамбетованын суракка чакыртылганын жазып чыккан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>