ИИМ: Бишкекте АКШдан баңгизат алдырып, сатуу менен алектенген топ кармалды

ИИМ: Бишкекте АКШдан баңгизат алдырып, сатуу менен алектенген топ кармалды

Бишкекте АКШдан почта аркылуу баңгизат алып, сатуу менен алектенген топ кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Министрликтин маалыматы боюнча, Баңгизатка каршы кызмат маңзат саткан топтун изине түшкөн. Аталган топ АКШдан почта аркылуу баңгизат алдырып, аларды «Телеграм» аркылуу сатып жүрүшкөн.

Жакында эле аларга дагы бир жүк темир жол аркылуу жөнөтүлгөн. Муну милиция менен бажы кызматкерлери «Түндүк» бажысында АКШдан келген жүктөрдү текшерип жатып аныкташкан. Бул жүк 20 жаштагы К.Н. аттуу жаранга келген. Аны ага курьер жеткирип бермек. Курьер жүктү айтылган жерге жеткирип, тапшырып жатканда 20 жаштагы К.Н. колго түшүрүлгөн. Табылып алынган маңзаттын баасы 9 млн сомго жетет.

Андан кийин милиция анын үйүнө тинтүү жүргүзгөнү барып, баңгитопко кирген дагы эки кишини кармаган. Алардын бири 25 жашта (Л.Ю.) жана экинчиси 21 жашта (Т.В.).

Аталган факт боюнча 282-берене (баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иш козголгон.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>