Бишкекте кышкы мезгилге карата 190 орундуу баш калкалоочу жайлар ачылдыАла-Арчада жоголгон 14 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү тоңгон абалда табылдыКыргызстанда «Мыкты мектеп ашпозчусу» сынагы өтүүдөСалык кызматы ишкерлерди товарларын жаңы каталог менен салыштырууга чакырдыПайдубалы курулуп бүтө элек үйлөрдү жарнамалаган эки компания лицензиясынан ажырадыКыргызстандыктар Сейшел аралдарына 30 күнгө визасыз бара алышат
Милиция: Кадамжайда жеңил унаа жолго чуркап чыккан окуучуну сүзүп кетти
22.10.2024 | 17:36
Баткендин Кадамжай районунда жеңил унаа мектеп окуучусун сүзүп кетти. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Окуя бүгүн, 22-октябрда Орозбеков айыл аймагында болгон. Милициянын маалыматы боюнча, 23 жаштагы тургун Honda Fit унаасы менен Орозбеков көчөсүндө баратканда, жолдун сол жагынан 9 жаштагы бала чуркап чыккан. Натыйжада унаа баланы сүзүп, ал ооруканага жеткирилген.
Учурда аталган факт каттоого алынып, териштирүү иштери жүрүүдө.