ИИМ: коменданттык сааттын талабын бузуп 88 адам кармалды

23.04.2020 | 09:51

23-апрелге карата өлкөнүн өзгөчө абал киргизилген  аймактарында коменданттык сааттын талаптарын бузганы үчүн 88 адам кармалып, 6 автоунаа атайын жайга токтотулган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Алардын ичинен:
Бишкек шаарында – 56,
Жалал-Абад шаарында – 13,
Ош шаарында – 5,
Нарын шаарында – 5,
Ат-Башы районунда – 7,
Сузак районунда – 1,
Кара-Суу районунда – 1 адам кармалды.

Ал эми Ноокат районунда тартип бузуу катталган жок. Кармалгандардын бардыгына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, коменданттык сааттын аякташы менен үйлөрүн жиберилген.

Белгилей кетсек,  25-марттан тартып коронавирус көп чыккан Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген. 15-апрелде өзгөчө абалдын убактсы 30-апрелге чейин узартылып, Нарын шаарына жана Ат-Башы районунун аймагына өзгөчө абал киргизилген.

Scroll to Top