Ысык-Көлдү тазалоо иштери жүрүүдө. Суучулдар көл түбүнөн миң метр эски торду чыгарыштыБишкек шаарында Черногориянын Ардактуу консулдугу ачылдыАраванда депутат уюштурган көмүскө кумар ойноочу жай аныкталдыИран АКШ жана Израиль менен болгон чыр-чатакта чабуул коюу тактикасына өткөнүн жарыяладыАФК 2031- жана 2035-жылкы Азия Кубокторун өткөрүүгө билдирмелерди кабыл алууну токтоттуБарскоон – Каракол унаа жолуна 8 жер алдындагы өтмөк курулат
ИИМ: коронавирус тууралуу жалган маалымат тараткан 15 факты каталды
22.03.2020 | 16:59
Коронавирус тууралуу жалган маалымат тараткан 15 факты катталды. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев 22-мартта Өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.
Анын айтымында 8 факты фейк маалыматтарды таратуу болсо калгандары спекуляциялык маалыматтарды тараткандар.
“Бүгүнкү күнү бул фактылар боюнча тиешелүү кызматкерлери териштирүү жүргүзүп жатат. Жыйынтыгы менен аларга Жазык кодексинин 344-беренеси боюнча мыйзам чегинде чара көрүлөт”, – деди Орозалиев.
Бүгүн эрте менен Улуттук коопуздук мамлекеттик комитети коронавирус боюнча жалган маалымат тараткан 38 жаштагы адамды кармалгандыгын айткан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом