ИИМ: кызматкерлерге кошумча акча жакында төлөнөт

ИИМ: кызматкерлерге кошумча акча жакында төлөнөт

“Өзгөчө абал” учурунда кызмат өтөгөн милиция  кызматкерлерине кошумча төлөнүүчү акча каражаты жакында берилет. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Министирликтин маалыматына караганда, кызматкерлерге төлөнүүчү акчалар республикалык бюджеттин эсебинен төлөнөт.

“Кызматкерлерге кошумча акча каражатын бөлүп берүү тууралуу толук маалымат Каржы министрлигине жөнөтүлгөн. Азыркы учурда мамлекеттик органдардан макулдашуудан өтүп жатат. Жакын арада  кызматкерлерге кошумча төлөмдөр төлөнүп берилет”, – деп жазылат министрликтин билдирүүсүндө.

Кечээ, 14-июнда бир катар басылмалар Бишкек шаарындагы аймактык  милиция бөлүмдөрүнүн кызматкерлери иштөөдөн баш тартып жатышканын жазып чыккан. Алардын мындай кадамга баруусуна “Өзгөчө абал” учурундагы иши үчүн убадалаган кошумча каражат төлөнүп берилбей жатканы себеп болгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>