Кыргызстандын Ички иштер министрлиги мончодо баланын зордуктаган кишинин видеосунун чоо-жайын аныктады.
ИИМ тарабынан бул фактыны аныктоо жана тактоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлдү.
«Иликтөөнүн жыйынтыгын күтпөстөн, социалдык тармактарда чагымчылдык кылып, бул видеого тиешеси жок адамдардын сүрөтүн көргөзгөн жарандар болгон. Бул жигит тууралуу ар кандай сүрөттөр жана аудио маалыматтар социалдык тармактар аркылуу таркатылган, алдын ала жыйынтык чыгарбаңыз.
Бул видео боюнча маалыматты тактап бергибиз келет. Биринчиден, видеодогу окуя Кыргызстанда эмес, башка мамлекетте болгон. Экинчиден, видео бир-эки жыл мурун тартылып, күнөөкөр ушул факты үчүн жоопко тартылганы аныкталды. Окуянын чоо-жайын тактоо үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги башка өлкөгө расмий суроо-талап жөнөттү. Бул видео боюнча расмий жооп келгенден кийин, ал кайда, ким болгон жана кандай чечимдер кабыл алынгандыгын маалымдайбыз», — деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.
Белгилей кетсек, кечээ, 24-январда интернет желесине мончодо баланы зордуктап жаткан кишинин видеосу тараган. Бул окуя Кыргызстанда болгону айтылган болчу.