Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков камакка алынды.
Ички иштер министрлиги билдиргендей, Жээнбековго Кылмыш кодексинин 244-беренеси («Барымтага алуу») жана 264-беренеси («Массалык башаламандыктарды уюштуруу») боюнча айып коюлган.
Учурда Жээнбеков Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбеков 7-8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо маалында Кой-Таш айылында болгону үчүн буга чейин да ИИМге суракка чакырылган эле.