ДКӨ-2026: «Кыймылдагы мурас» роликтер сериясы сунушталды. ВидеоКыргызстанда калдыктарды кайра иштетүүчү ишканалар колдоого алынуудаБишкектеги клуб ээлерине баңгизаттар үчүн жоопкерчилик тууралуу эскертилдиЭми дыйкандар министрликтин байланыш борбору аркылуу кеңеш ала алышатӨКМ айрым аймактарда сел жүрүшү мүмкүн экенин эскерттиКыргызстанда балдардын бир ата-энесинин макулдугу менен чет өлкөгө чыгуусуна уруксат берүү сунушталууда
Кой-Ташта каза болгон офицерге Атамбаевге таандык куралдан ок атылган
12.12.2019 | 18:11
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин “Альфа” атайын түзүмүнүн офицери Үсөнбек Ниязбеков Атамбаевге таандык снайперден атылган октон каза болгон.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында ички иштер министринин орун басары Памир Асанов билдирди.
“Баллистикалык экспертиза чыкты Үсөнбек Ниязбековго “Карабин СВД” үлгүсүндөгү куралдан чыккан ок тийген”, – деген ал.
Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, Ниязбековго окту ким атканы такталганын айтып, бирок тергөөнүн кызыкчылы үчүн айтылбай турганын билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар