ИИМ: түндө коменданттык сааттын талаптарын 46 адам бузду

ИИМ: түндө коменданттык сааттын талаптарын 46 адам бузду

14-апрелге карата өзгөчө абал киргизилген  Бишкек жана Жалал-Абад шаарларында коменданттык сааттын талаптарын бузганы үчүн 46 адам кармалып, 9 автоунаа атайын жайга токтотулган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Алардын ичинен: Бишкек шаарында – 40, Жалал-Абад шаарында – 6.

Ал эми Ош шаарында, Кара-Суу ,Ноокат жана Сузак райондорунда тартип бузуулар катталган эмес.

Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 2472  жаран коменданттык саатты бузганы үчүн милициянын кайгуул тобу тарабынан кармалып, коё берилди.

25-марттан тартып коронавирус көп чыккан Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген.

13-апрелге карата Кыргызстанда  коронавирусун жуктурган жалпы 419 учур катталды. Алардын ичинен 67 бейтап оорудан сакайып, үйлөрүнө чыгарылган. Ал эми 5 киши каза болгон. Ооруну жугузуп алгандардын ичинен 79 бейтап медицина кызматкерлери.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>