22-апрелге карата өлкөнүн өзгөчө абал киргизилген аймактарында коменданттык сааттын талаптарын бузганы үчүн 83 адам кармалып, 5 автоунаа атайын жайга токтотулган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.
Алардын ичинен:
- Бишкек шаары боюнча 59 адам;
- Жалал-Абад шаары боюнча 7;
- Ош шаары боюнча 7;
- Нарын шаарында 2;
- Ат-Башы районунда 3;
- Сузак району боюнча 5 адам кармалды.
Ал эми Ноокат жана Кара-Суу райондорунда тартип бузгандар болгон эмес.
25-марттан тартып коронавирус көп чыккан Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген. 15-апрелде өзгөчө абалдын убактсы 30-апрелге чейин узартылып, Нарын шаарына жана Ат-Башы районунун аймагына өзгөчө абал киргизилген.