ИИМ: Укук бузууларды алдын алуу борборуна 42 өспүрүм жеткирилди

ИИМ: Укук бузууларды алдын алуу борборуна 42 өспүрүм жеткирилди

Жашы жете электердин арасында укук бузууларды алдын алуу борборуна 42 өспүрүм жеткирилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-марттан 17-мартка чейин «Кароосуз калган» профилактикалык иш-чаралардын жүрүшүндө 42 жашы жете элек өспүрүм кармалып, Коомдук коопсуздук кызматынын Жакшы жете электердин арасындагы укук бузууларды алдын алуу борборуна (ЖУАБ) жеткирилген. Аларды 36сы эркек балдар, 6сы кыздар болгон.

Алардын ичинен ар кандай билим берүү мекемелеринде окугандар — 37, 9-классты аяктагандар-5, кайталап жеткирилгендер -2 жашы жете элек өспүрүмдөр болгон.

“Жүргүзүлгөн профилактикалык жана тарбиялык иштерден кийин жашы жете электер ата-энелерине жана аларды алмаштырган адамдарга өткөрүлүп берилет”, — деп айтылат маалыматта.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>