ИИМ жарандардан үйүндө мыйзамсыз сакталган куралды өз ыктыяры менен тапшырып берүүнү суранат

ИИМ жарандардан үйүндө мыйзамсыз сакталган куралды өз ыктыяры менен тапшырып берүүнү суранат

Үйүндө мыйзамсыз сакталган куралды, ок-дарыларды, жардыргыч заттарды өз ыктыяры менен тапшырган адам ​​кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмү билдирет.

«Мындан тышкары, эгерде үйдө үй-бүлө мүчөсүнүн өлүмүнөн кийин калган ок атуучу куралдары болсо (ал үчүн берилген жана мурда уруксаты бар болсо), токтоосуз жакынкы милиция бөлүмүнө кабарлаңыз. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 253-беренесинин «Куралдарды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү» боюнча, ушул беренеде көрсөтүлгөн буюмдарды өз ыктыяры менен тапшырган адам ушул беренеде каралган жосун үчүн, аларды мыйзамсыз сактагандыгы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат. » — деп айтылат билдирүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>