Өнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөт
ИИМ: Жашы жете элек кызды зордуктоого шектүү жаран изделүүдө
02.03.2026 | 11:09

Сокулук районунда жашы жете элек кызды зордуктоого шектелген жаранга издөө жарыяланды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Милицияга Сокулук районунун социалдык кызматкери арыз менен кайрылып, ушул жылдын башында жашы жете элек кыз зордукталганын билдирген. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Зордуктоо” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
ИИМдин маалыматында, кылмышка 1979-жылы туулган Жумаев Турат Касымович шектелүүдө. Ал өзүн «Турат» деп тааныштырат. Учурда анын жүргөн жерин тактоо иши жүрүүдө.
Милиция изделип жаткан жаран тууралуу маалыматы бар адамдарды 102 кызматына же 0501 93-55-34, 03132 6-62-61 номурларына кабарлап коюуну суранат. Маалымат берген жарандардын анонимдүүлүгү сакталат жана аларга сыйлык акы берилет.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар